“ART-ORDO – 2023” эл арлык театралдык фестивалынын экинчи күнүндө “Төлгө” спектакли көрсөтүлдү

Сентябрь 30, 2023 - 22:29
 0  26
“ART-ORDO – 2023” эл арлык театралдык фестивалынын экинчи күнүндө “Төлгө” спектакли көрсөтүлдү
Бүгүн, 25- сентябрда ART-ORDO – 2023” эл аралык театралдык фестивалынын экинчи күнүндө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма тетарынын “Төлгө” спектакли көрсөтүлдү.
“Манастын уулу Семетей” дал ушул үчилтиктин эң көлөмдүү бөлүгү. Кыргыз эл акыны Ж. Садыков аны театрдын астанасына алып келүү менен бирге, эпоско жаңы дем берген. Аталган драманын негизинде сахналаштырылган “Төлгө” спектаклинде Айкөл Манастын руху анын урпактарында жашайт экени, ошол рухтан кубат алган урпактарынын кимиси гана болбосун Ата-журт үчүн бел чечпей ак кызмат кылууга даяр экени чагылдырылат.
Ошол себептен атасын билбей, бешикте кеткен Семетейди кыргыз эли дегдеп күтүп, анын ар бир кадамында атасынын ордун басаар уул болсун деп төлгө кылат.
Спектаклде каралуу кеткен Каныкейдин ички трагедиясы, таянган тоосу кулагандан кийин бузукулуктун, көрө албастыктын курмандыгына айланган муң-зары, оор тагдырга туш болгонуна карабай, уулунун келечеги кыргыз элинин келечеги экендигин алдын ала сезип, уулу үчүн жан берүүдөн дагы кайра тартпастыгы, өзгөчө бүгүнкү күндүн жаш муундарына өрнөк боло турган, кайын энеси Чыйырды менен болгон кайын-эне келиндин ортосундагы астейдил сый мамилеси баяндалат.