Бир катар театр ишмерлери СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееваны эскерип, бейитине гүл коюп, куран окушту.

Сентябрь 30, 2023 - 22:33
 0  35
Бир катар театр ишмерлери СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееваны эскерип, бейитине гүл коюп, куран окушту.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев баштаган бир катар театр ишмерлери СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееваны эскерип, бейитине гүл коюп, куран окушту.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкеева жөнүндө учкай маалыматтар:
– Бакен Кыдыкеева мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
– Алгачкы ролун 13 жашында ойногон. Ал Лопе де Веганын “Койлуу булак” драмасында Лауренсиянын ролу.
– Актрисалык өнөрүнө атасы башында каршы чыгып, кийин кызы катышкан спектаклдерге гүл көтөруп барып турган.
– 22 жашында кыргыздын алгачкы толук метраждуу “Салтанат” тасмасында башкы ролду ойноп тартылган.
– Андан соң “Биринчи мугалим”, “Көчө”, “Көздүн кареги”, “Революциянын атчандары”, “Караш-караш окуясы”, “Тайгак кечүү”, “Жоргонун жүрүшү”, “Ашуу”, “Токтогул”, “Каныбек”, “Аманат” ж.б. тасмаларында роль жараткан.
– Коңшу казак, өзбек кинорежиссёрлору актрисаны өз тасмаларына тартуу үчүн байма-бай чакырып турушкан.
– Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча биринчи жолу коюлган “Бетме – бет” спектаклинде Сейденинин ролун биринчи болуп Бакен Кыдыкеева ойногон.
– Бакен Кыдыкеева Жаштар театрынан тышкары Кыргыз драма театрында жана Ысык-Көл, Нарын облусундагы театрларда иштеген.
– 1977-жылы Рига шаарындагы бүткүл союздук кинофестивалда Режиссёр Геннадий Базаровдун “Көздүн кареги” тасмасындагы ролду мыкты аткарганы үчун сыйлыкка татыган.
– Чыгармачылык жолунда сахна жылдызы ар кандай бут тосууларга кабылган.
– Кыргыздын карлыгач актрисасы 70 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган.
– Анын ысымы учурда борбор калаадагы Жаш көрүүчүлөр театрына жана шаар ичиндеги бир көчөгө берилген.
– Актрисанын өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө көптөгөн макалалар жана эки монография жазылган.
– Монографиянын бири москвалык журналист В. Иванова тарабынан жазылып, Москвада жарык көргөн.
– Чыңгыз Айтматов В.Иванованын китебинин кириш сөзүндө: “…Бул кыргыз аялда жогорку эмес, орто билими жок туруп, ички маданиятынын бийиктиги, искусствого болгон шыгы, таланты, табити кайдан болду экен? -деп таң калганын жашырган эмес…
– 2004-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург Жаныш Кулмамбетов ал жөнүндө “Талант жана тагдыр”пьесасын жазган. Ал азыркы күнгө чейин өзү иштеген Жаштар театрында коюлуп келет.