Улуттук филармонияда заманбап балет труппасы түзүлөт

Март 9, 2024 - 17:37
Март 10, 2024 - 17:38
 85
Улуттук филармонияда заманбап балет труппасы түзүлөт
Алгачы жолу Кыргызстанда 40 бийчиден турган классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган заманбап балет труппасы түзүлөт.
Классика жана заманбап бийи синтездешкен балет труппасына 18ден 25 жашка чейинки улан- кыздар кастинг жолу менен кабыл алынат.
Кастинг 2024-жылдын 3-4 - апрель күндөрү Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореграфиялык окуу жайында өтүп, советтик жана орусиялык хореограф, "Тодес" эл аралык балетинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Алла Духованын төрагалыгы менен жана башка белгилүү хореографтардын катышуусунда өтөт.
Жаңы түзүлгөн балет труппасы Токтогул Сатылаганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын штатына кабыл алынып, Кыргызстандагы алгачкы заманбап балет трупасы болуп түзүлөт.
Биздин жаңылыктардан кабардар болуңуз! Өткөрүп жибербеңиз!
Кастинге катышууда жарандык чектелбейт.