Улуттук тарых музейинде “Лейлек килемдери – 2024” фестиваль-жарманкесинин ачылышы өттү

Октябрь 3, 2024 - 13:49
 15

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде “Лейлек килемдери – 2024” аттуу фестиваль-жарманкесинин ачылыш аземи болуп өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече депутаттары, маданият жана искусство кызматкерлери катышты.
Гүлбара Абдыкалыкова өз сөзүндө “Ата-бабаларыбыз токуучулук өнөрдү муундан-муунга өткөрүп, ар бир килем элибиздин каада-салттарын, баалуулуктарын чагылдырган уникалдуу көркөм чыгарма. Мына бүгүн бул фестивалда биз буюмдардын кооздугун гана эмес, ошондой эле чыгармачылык менен бирге биримдиктин духун да сезе алабыз.
Мындай саамалык улуттук баалулуктарды даңазалоо, маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, аймактар ортосундагы маданий экономикалык байланыштарын чыңдоо жана бекемдөө максатын көздөйт” - деди.
Фестиваль-жарманкенин негизги максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, аймактар ортосундагы маданий-экономикалык байланыштарын чыңдоо жана бекемдөө, жаш чеберлерди көркөм улуттук кол өнөрчүлүктүн салтын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу болуп саналат.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.А. Талиеванын демилгеси менен өткөрүлүп, 13-октябрга чейин уланат.