28-февралда жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча жогорку окуу жайлардын координациялык кеңешинин жыйыны өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, проректорлору, Кыргызстан жаштар кыймылынын
төрагасы ошондой эле активист жаштар катышты.
Аземдин ачылышында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев сөз сүйлөп, жаштар саясаты багытында мамлекеттик саясатты калыптандырууда министрликтин ордун белгилеп, министрлик өз ишмердүүлүгүнүн чегинде жаштар маселелери боюнча бир топ долбоорлорду жүргүзүп жатканын билдирди. Жыйындын катышуучуларына кайрылып, “Ала-Тоо жазы” кароо-сынак фестивалына бардык жогорку окуу жайларды жигердүү катышууга жана жоопкерчилик мамиле кылууга чакырды.
Координациялык кеңештин күн тартибинде “Ала-Тоо жазы” жаштар кароо-сынак фестивалынын өтүүсү, ыктыярчылыкты өнүктүрүү, жаштар кыймылынын өкүлчүлүктөрүн ачуу сыяктуу бир нече маселелер каралып, талкууланды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жылына эки жолу өтөт. Биринчи орурумда жыл башында аткарылчу иш-чаралар планы каралат, экинчи отурумда аткарылган иштердин отчету угулат.