22-апрелде, Баткен районунда аймактарды өнүктүрүү, улуттук баалуулукту сактап калуу, келечек муунга өткөрүп берүү, ошондой эле достук жана коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосунда салтка айланган “Өрүк гүлү” эл аралык фестивалы өттү.
Майрамдык иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөттөрүнүн, мекеме ишканалардын жетекчилери ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Риштан, Сох райондорунун акимдери, эки өлкөнүн ишкерлери, шаар тургундары катышты.
Фестивалга Баткен облусунун 7 айыл өкмөтүнөн, Баткен шаарынан жана коңушулаш өлкөдөн келген меймандар катышып, өрүктүн жыгачынан жасалган буюм-тайымдар жана өрүктөн жасалган азыктардын, бөлмө гүлдөрүнүн көргөзмөсү өттү. Ар бир номинация боюнча сынак жарыяланды.
Быйыл Өзбекстан Республикасынын Сох жана Риштан райондорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен фестиваль эл аралык деңгээлге чыкты.
Ошондой эле фестивалдын алкагында элдик ырларды аткаруу, салттуу музыкалык аспаптарда ойноо боюнча сынак (кыргыз, өзбек күүлөрү жана кыргыз өзбек ырларынан попуррилерди аткаруу) өткөрүлдү.
Жыйынтыгында 4 номинация боюнча жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга акчалай сыйлыктар ыйгарылып, жалпы байге фонду 600 миң сомду түздү.