“АКСАКАЛ” ЖАНА КОРГОН-ЖАР: ТАРЫХ МЕНЕН АЗЫРКЫНЫ БАЙЛАНЫШТЫРГАН КҮН

Сентябрь 2, 2025 - 12:22
 21

А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч. Айтматов залында белгилүү археолог Орозбек Шабдановдун археологиялык изилдөөлөрүнө жана анын эмгегине арналган “Аксакал” аттуу китептин бет ачар аземи болуп өттү.
Белгилүү тарыхчылар, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, илимий кызматкерлер жана адабият сүйүүчүлөр катышкан иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин атынан министрдин кеңешчиси Бактыбек Секимов катышып, Орозбек Шабдановду тарыхый мурастарды изилдөөдө сиңирген зор эмгеги үчүн министрликтин “Ыраазычылык каты” менен сыйлады.
Аксакалдын демилгеси менен 2025-жылы Коргон-Жар аймагында алгачкы археологиялык казуулар жүргүзүлүп, жыйынтыгында бул жердин б.з.ч. II миң жылдыкка таандык маданиятка ээ экендиги аныкталган. Бул ачылыш Кыргызстандын археологиялык картасында жаңы барак ачкан олуттуу окуя катары тарыхта калды.
Орозбек Шабдановдун 90 жылдык мааракесине арналган “Аксакал” аттуу китепти жазуучу Куттумидин Базаркулов жазган. Китепте бир кылым аралыгындагы тарыхый, маданий жана коомдук окуялар, ошондой эле мурастын тагдыр байланыштары баяндалат.
Бул эмгек Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарын сактоо, даңазалоо жана кийинки муундарга жеткирүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.