АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МАДАНИЙ ЖАЙЛАР ЖАҢЫЛАНУУДА

Сентябрь 9, 2025 - 11:35
 12

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков иш сапарынын алкагында Ала-Бука районунда болушту.
Алгач Ш. Жоробекова атындагы маданият үйүндө жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты. Аталган мекеме 4,5 млн сомдон ашуун каражатка реконструкцияланды.
Ошондой эле, Төрага жана министрдин биринчи орун басары Сафед-Булан айылындагы “Шах-Фазиль” мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейинин дирекциясынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.
Имараттын курулушу 2023-жылы башталып, ага жалпысынан 27 млн сом каражат бөлүнгөн. Сапардын алкагында Шах-Фазиль эстелиги менен да таанышып, анын архитектуралык жана көркөмдүк өзгөчөлүктөрү өткөн доордун өрнөктүү мисалы гана эмес, ыйык жайлардын бири экендиги белгиленди. Зыярат кылуу учурунда күмбөздө куран окулду.