Бүгүн, 24-декабда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов КМШ өлкөлөрүнүн “Китеп искусствосу” эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады.
Бул сынак 2004-жылдан бери Мамлекеттер аралык кеңештин чечиминин негизинде жыл сайын өткөрүлүп келет. Ар бир өлкө сынакка 10 номинация боюнча өзүнүн мыкты китеп басылмаларын сунуштайт. Быйыл Кыргыз
Республикасынан катышкан китеп басылмалары жогорку баага ээ болуп, бир нече номинацияларда жеңүүчү болушту.
Сыйланган китептердин тизмеси:
“Шериктештик” номинациясы:
• III даражадагы диплом — Атаканов Б. Сибиряк. Жизнь в тайге (Бишкек: Улуу Тоолор, 2024).
“Менин өлкөм” номинациясы:
• III даражадагы диплом — Турковский И., Меньшикова Т. Дикая природа Кыргызстана: Фотоальбом (Бишкек: Аркус, 2023).
“Маданият диалогу” номинациясы:
• III даражадагы диплом — Асаналиев Н. Центрально-Азиатская Конфедерация: от прошлого к будущему (Бишкек: Турар, 2024).
“Балдар жана жаштар үчүн китеп” номинациясы:
• III даражадагы диплом — “Сказки” китептер сериясы (12 китеп) (Бишкек: Турар, 2023).
“Илим жана билим” номинациясы:
• III даражадагы диплом — Туран Н. Улуу комузчу Ниязалы (Бишкек: Турар, 2018).
“Искусство китеби” номинациясы:
• I даражадагы диплом — Терменин мурасы: Альбом (Бишкек: St.art Ltd, 2023).
"Иллюстрация искусствосу" номинациясы:
• I даражадагы диплом — Манас. Адамзаттын тарыхый мурасы (Бишкек: ИП Сарлыкбек уулу Темирлан, 2024).
“Шериктештикте басылган” номинациясы:
• I даражадагы диплом — Шукшин В. Тандалган аңгемелер жана киноповесть (Бишкек: Улуу Тоолор, 2024).
“Жеңиш” жана “Гран-при” атайын сыйлыгы:
• Бадахшандын сыйкырдуу жомоктору (Бишкек: Борбордук Азия Университети; НАНТ Гуманитардык илимдер институту, 2023).
Министр Алтынбек Максутов мамлекет көркөм адабиятты, котормо жана балдар адабиятын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи. «Кыргызстанда китеп окуу маданиятын жандандыруу жана жайылтуу – биздин эң маанилүү милдеттерибиздин бири», – деди ал.
Министр ошондой эле Кыргызстандын атын чыгарган басма үйлөрүнө ыраазычылыгын билдирип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин атынан ыраазычылык каттарды тапшырды.
Маалымат үчүн:
КМШ өлкөлөрүнүн “Китеп искусствосу” эл аралык сынагы эң мыкты китептерди жайылтуу, маданий байланыштарды бекемдөө жана улуттук китеп искусствосун алдыга жылдыруу максатында өткөрүлөт.