Президенттик Администрацияда Лос-Анджелес 2028 Олимпиада оюндарына даярдык талкууланды

Декабрь 24, 2024 - 11:00
Декабрь 26, 2024 - 11:04
 7
Президенттик Администрацияда Лос-Анджелес 2028 Олимпиада оюндарына даярдык талкууланды
Президенттик Администрацияда Лос-Анджелес 2028 Олимпиада оюндарына даярдык талкууланды
Президенттик Администрацияда Лос-Анджелес 2028 Олимпиада оюндарына даярдык талкууланды
Президенттик Администрацияда Лос-Анджелес 2028 Олимпиада оюндарына даярдык талкууланды
Президенттик Администрацияда Лос-Анджелес 2028 Олимпиада оюндарына даярдык талкууланды
24 декабрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2028-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Лос-Анджелес шаарында өтө турган 34-Олимп оюндары жана 18-Паралимпиадалык оюндарга карата даярдыктарды талкуулаган жыйын өткөрдү. Анда ушул жылы Парижде өткөн 33-жайкы Олимп оюндарындагы жетишкендиктер жана кемчиликтер боюнча карата талдоолор талкууланды.
“Париж Олимпиадасына дүйнөнүн 206 өлкөсүнөн 10 000ден ашык спортчу катышып, Кыргызстан 16 спортчусу менен 206 өлкөнүн ичинен медалдык эсеп боюнча 68-орунга ээ болду. Ал эми Олимпиада оюндарына Азия чөлкөмүнөн катышкан 44 өлкөнүн ичинен биздин өлкө 15-орунду ээледи. Катышкан 16 спортчубуздун алтоосу байге менен кайтып келип, барган спортчулар менен жеңген медалдарынын катышы боюнча биздин өлкө 206 мамлекеттин сап башында турду”-деген МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов. Ошондой эле, кийинки оюндарга азыртан кам көрүп, татыктуу даярдануу зарылчылыгына токтолду.
Жыйындын жыйынтыгында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаментине алдыдагы оюндарга даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.