Бүгүн, 26-декабрда М.В. Фрунзе атындагы мемориалдык үй-музейинде санариптештирилген экспозициялардын ачылышы өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, музейдин санариптештирүү долбоорунун алкагында жетишкен ийгиликтери менен таанышты.
“Санариптештирүүнүн ишке ашырылышы биз көнүп калган
музейдин эмес, жаңы деңгээлге өтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Санариптештирүү - бул деген заман талабына жараша өнүгүп жатканыбыздын белгиси. Эми бул жакка келген коноктор экспозициядагы буюмдар тууралуу деталдуу маалымат алууга, курулушу жана механизмдери менен онлайн-форматта таанышууга мүмкүнчүлүк алышат”- деди министр.
Санариптештирүү долбоору музейге кызыккан бардык конокторго экспозициялардын өзгөчөлүктөрү менен каалаган убакта таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Коноктор экспонаттарды жеринде да, онлайн аркылуу да изилдей алышат, бул өзгөчө музейге өз алдынча келип көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамдар үчүн өтө маанилүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Алтынбек Максутов музейдин жалпы абалы менен дагы таанышып чыкты. Министр өзгөчө музейдин вентиляция системасынын абалына жана сырткы көрүнүшүнө көңүл бурду. Жыйынтыгында, министр оңдоп-түзөө иштерин өткөрүп, имараттын баштапкы келбети сакталышын камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди. Ал М.В. Фрунзе атындагы мемориалдык үй-музей Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын маанилүү объектиси экенин баса белгиледи.