Байыркы Марракеш шаарында Ислам дүйнөсүнүн жаштар форуму башталды

Июль 2, 2025 - 09:40
 12

2025-жылы 30-июнда Байыркы Марракеш шаарында Ислам дүйнөсүнүн жаштар форуму башталды. Бул форум Ислам кызматташтык уюмунун жаштар форуму (ICYF) тарабынан, Марокко Падышалыгынын Жаштар, маданият жана коммуникация министрлигинин колдоосу менен уюштурулду. Мараккеш шаары 2025-жылы Ислам дүйнөсүнүн жаштар борбору катары тандалган.
Кыргызстандын атынан бул маанилүү эл аралык иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Марат Тагаев катышты.

Форумдагы негизги темалардын бири — пандемиядан кийинки доордо жаштардын алдында турган чакырыктар жана артыкчылыктуу багыттар болду. “Коронавирус пандемиясынан кийинки жаштар: артыкчылыктар жана үмүттөр” аттуу сессия жаштар саясатынын келечеги, туруктуулук, иш менен камсыздоо, санариптик сабаттуулук жана коомдук биримдик боюнча терең талкуу жүргүзүүгө аянтча түздү.

«Кыргызстандын мындай эл аралык форумдарга катышуусу — бул биздин жаштар саясаты боюнча тажрыйбабызды бөлүшүүгө, мыкты эл аралык практикаларды өздөштүрүүгө, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана жаштардын үнүн дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи Марат Тагаев.

Форум Марракеш шаарында уланууда. Анын алкагында панелдик сессиялар, стратегиялык жолугушуулар, маданий иш-чаралар жана жаштар инфраструктурасына болгон таанышуу сапарлары өткөрүлүүдө.