Белекке китеп берүүнүн эл аралык күнү

Февраль 14, 2024 - 18:53
 0  56
Белекке китеп берүүнүн эл аралык күнү
Белекке китеп берүүнүн эл аралык күнү
Белекке китеп берүүнүн эл аралык күнү
Бүгүн, 14-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Бишкек шаарындагы бир катар китепкана, бала бакча жетекчилери, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен жолукту.
Министр ар бир мекемеге Министрлик тарабынан басылып чыккан жаңы китептердин топтомун белек катары тапшырып, аны менен катар тармактагы жасалып жаткан иштерди алар менен бирге талкуулады.
Талкуу эркин форматта өтүп, китеп фонду, коомчулук менен иш алып баруу, китептердин санариптөө системасын жандандыруу жана китепканаларды окурмандар көп сурап окуган китептер менен толуктоо сындуу маселелер көтөрүлдү.
Министр өз сөзүндө бүгүнкү күндө китепканалар заман талабына ылайыкташып, эл көп келип китеп окуй турган жайга айландыруу үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алуу жана санариптешүү доорунда интернетте жеткиликтүү жана сапаттуу китептердин базасы менен толуктоо тапшырмасын берди.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 1059 китепкана бар. Анын ичинен 51 китепкана Маданият министрлигине караштуу жана каржылоосу республикалык бюджеттен.