Бишкекте "Эргүү" улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземи өттү

Апрель 30, 2025 - 22:20
Май 1, 2025 - 12:11
 10

Бүгүн, 30-апрелде Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Эргүү" улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, актёрлор, режиссёрлор, искусство ишмерлери жана театр күйөрмандары катышты.

Министр Мирбек Мамбеталиев театр өнүгүшүнө салым кошуп жаткан бардык адамдарга ыраазычылык билдирди:
"Театр — бул жөн гана сахна эмес, бул — улуттун руху. Ар бир спектаклиңиздер, ар бир ойногон ролуңуздар биздин тарыхыбызды кайра жандандырып, улуттук өзгөчөлүгүбүздү бекемдеп, жаңы муунду шыктандырат. Бүгүн биз сиздерге ыраазычылык билдирүү менен бирге, кыргыз театры мындан ары да өнүгүп, дүйнөгө жаңы таланттарды жана идеяларды тартуулайт деп ишенебиз," — деп белгиледи министр өз сөзүндө.

"Эргүү" улуттук театр сыйлыгы 2014-жылы негизделген жана жыл сайын театр искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрүнө — актёрлорго, режиссёрлорго, сүрөтчү-декораторлорго жана башка кесипкөйлөргө, ошондой эле маданий турмушта эсте кала турган спектаклдерге ыйгарылат. Сыйлык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстандын Театр ишмерлеринин союзу жана "Айтыш" коомдук фонду тарабынан уюштурулат.

Быйылкы жылы да сыйлыктын лауреаттары катары жогорку көркөм деңгээлдеги, терең мазмундуу жана чыныгы чыгармачылык менен кызмат кылган таланттуу театр ишмерлери тандалып алынды.

"Эргүү" сыйлыгы Кыргызстандын маданий жашоосунда өзгөчө орунду ээлейт, улуттук театр өнөрүнүн даңктуу салттары менен азыркы жетишкендиктеринин ажырагыс байланышын баса белгилейт.