Бишкекте сегизинчи “Ортоазиялык Романсиада” аяктады

Октябрь 28, 2024 - 11:45
Октябрь 30, 2024 - 11:46
 15
Бишкекте сегизинчи “Ортоазиялык Романсиада” аяктады
Бишкекте орус романсынын аткаруучуларынын “Ортоазиялык Романсиада” VIII эл аралык конкурсунун гала-концерти болуп өттү. Конкурстун баш байгесин К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти Нуржигит Молдояров алды. Ал конкурска өзү жазган кыргыз тилиндеги романс сунуштады.
Гала-концертке КРнын Эл артисти Бакыт Тилегеновдун жетекчилиги алдындагы Бишкек шаарынын мэриясынын Кыргыз эл аспаптар оркестри, Өзбекстандын Эл артисти Авазхон Раджабов, КРнын эмгек сиңирген артисти Элнура Муктарбек, Казак улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисти Эмил Сакавов, Россиянын эмгек сиңирген артисти Мария Людько, “Геликон-Опера” театрынын алдыңкы солисти Сергей Абабкин, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдыңкы солисти Таир Бейшеев, конкурстун лауреаттары катышты.
Быйыл катышуучулардын саны жүздөн ашты, бул абсолюттук рекорд болду. Биринчи жолу тандоо туру өлкөнүн түштүгүндө, Ош шаарында өтүп, Бишкекте конкурстук угуулар эки күнгө созулду. Кыргызстандын Маданият министрлиги жеңүүчүлөргө жалпы байге фонду 300 миң сомду түзгөн акчалай сыйлыктарды тапшырды. Гала-концертте конкурстун калыстар тобунун төрагасы, Россиянын эмгек сиңирген артисти, профессор Мария Людько өзүнүн мааракесин белгиледи.
Конкурстун уюштуруучулары: Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Россия кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, “Романсиада” кайрымдуулук фонду, “Русский мир” фонду, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры, “Куликовский” кондитердик үйү, “Sputnik – Кыргызстан” маалымат агенттиги жана радиосу.