Бухара шаарында Кыргызстандын маданият ишмерлеринин концерти өттү

Июль 23, 2024 - 18:25
 15

22-июлда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамбли жана Нурдин Түгөлов атындагы Кыргыз Мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамбли Өзбекстандын Бухара шаарындагы “Жаштар борборунда” чоң концерттик программа тартуулашты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Бухара облусунун акиминин орун басары Ботиржон Шахриёров жана жергиликтүү тургундар катышты.
Министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев “бул иш-чара кыргыз жана ѳзбек элдеринин эзелтен уланып келе жаткан боордоштугун, достугун даңазалап, Кыргызстан менен Ѳзбекстандын ортосундагы мамилелерди жана кызматташтыкты мындан ары да ѳркүндѳтүүгѳ жана чыңдоого олуттуу ѳбѳлгѳ болот” - деп белгиледи.
Эске салсак, аталган иш-чара Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулду.