Чынгыз Эсенгул уулу Өзбекстандын маданият министринин орун басары Авазхон Таджиханов менен жолукту

Май 20, 2024 - 14:36
Май 20, 2024 - 18:12
 24
Чынгыз Эсенгул уулу Өзбекстандын маданият министринин орун басары Авазхон Таджиханов менен жолукту
Бүгүн, 20-майда Ашхабат шаарындагы (Түркмөнстан) иш-сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Өзбекстан Республикасынын Маданият министринин орун басары Авазхон Тажиханов менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу эки өлкөнүн маданий мамилелеринин өнүгүүсүнүн динамикасын белгилеп,буга Кыргызстан менен Өзбекстандын искусство ишмерлеринин гастролдорунун жигердүүлүгүн мисал кылды.
Өз кезегинде Авазхон Тажиханов мамлекет башчыларынын аракетинин жана колдоосунун аркасында эки өлкөнүн министрликтеринин алдына коюлган милдеттерди алдыга жылдыруу жана бекемдөө боюнча чоң иштер жүрүп жатканын ырастады. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүн өткөрүүгө байланыштуу өткөрүүчү жерди, форматын аныктоо, иш-чаралардын программасын талкуулоо үчүн адистерди жөнөтүү керектиги айтылган, бул маселеде өзбек тарап ар тараптан колдоо көрсөтөрүн белгиледи.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында Өзбекстанда кыргыз кино күндөрү, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастардын элементтеринин көркөм көргөзмөлөрү, дизайнерлердин мода көрсөтүүлөрү, эки мамлекеттин интеллигенция өкүлдөрүнүн жолугушуулары жана искусство чеберлеринин гала-концерти, ошондой эле кыргыз делегациясы Өзбекстан Республикасынын Маданият министрлигинин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Өзбекстандын маданият тармагындагы алдыңкы театр оюн-зоок мекемелеринин жана окуу жайларынын жетекчилери менен жолугушуулар мерчемделген.