Чынгыз Эсенгул уулу Сауд Араб Падышачылыгынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү

Сентябрь 13, 2024 - 14:29
 8

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чынгыз Эсенгул уулу Сауд Арабия Королчулугунун маданият министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкекте Сауд Арабия маданият борборун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Чыңгыз Эсенгул уулу делегациянын өкүлдөрүн жылуу кабыл алып, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө болгон умтулууну билдирерин белгиледи. “Биз саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарыбызды жогору баалайбыз жана маданий борбордун курулушунун контекстинде Сиздердин сапарыңыздар бул эки тараптуу мамилелерибизди чыңдоого, биздин биргелешкен умтулганыбыздын ачык далили болуп саналат”- деди.
Сауд Арабиянын өкүлдөрү ыраазычылык билдирип, салына турчу маданият борбору ишке ашыруу бул эки өлкөнүн маданий алакасын өнүктүрүүгө маанилүү салым болуп, достук менен кызматташтыктын символу болоорун баса белгилешти.