4-5-июнунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова иш сапары менен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна барды. Иш сапардын алкагында ал райондогу бир катар маданият мекемелеринин абалы менен жеринен таанышты.
Алгач Сафед-Булан айылындагы "Шах Фазил" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейине барып, курулуп жаткан жаңы музей имаратынын курулушу менен таанышты. Бул долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2023-жылы башталган.
Андан соң Гүлбара Абдыкалыкова Ш. Жоробекова атындагы Ала-Бука райондук маданият үйүнө барды. Ал жерде маданият үйүнүн ишмердүүлүгү жана көрүү залынын капиталдык ремонту менен таанышып чыкты. Капиталдык оңдоп-түзөө иштери Ала-Бука райондук фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп, жалпы суммасы 4 390 129 (төрт миллион үч жүз токсон миң бир жүз жыйырма тогуз) сомду түзөт.
Мындан тышкары, министрдин орун басары Нурмолдо атындагы Ала-Бука райондук тарыхый музейине да барып, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында Т. Балтагулов айыл аймагына караштуу Падек айылында жаңы айылдык клубдун ачылыш аземине катышты.
Ошондой эле, Ала-Бука райондук маданият бөлүмүнө караштуу китепканада Жалал-Абад облусу менен Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун акын-жазуучуларынын жана китепкана кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлгөн тажрыйба алмашуу максатындагы семинар-кеңешмеге катышты.