Гүлбара Абдыкалыкова “Китепканалар жана коомду демократиялаштыруу” аттуу 22-Эл аралык конференциясына катышты

Октябрь 1, 2024 - 09:20
Октябрь 2, 2024 - 09:21
 11
Гүлбара Абдыкалыкова “Китепканалар жана коомду демократиялаштыруу” аттуу 22-Эл аралык конференциясына катышты
Гүлбара Абдыкалыкова “Китепканалар жана коомду демократиялаштыруу” аттуу 22-Эл аралык конференциясына катышты
Гүлбара Абдыкалыкова “Китепканалар жана коомду демократиялаштыруу” аттуу 22-Эл аралык конференциясына катышты
Гүлбара Абдыкалыкова “Китепканалар жана коомду демократиялаштыруу” аттуу 22-Эл аралык конференциясына катышты
1-октябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова Ишеналы Арабаев атындагы университетинде өткөн “Китепканалар жана коомду демократиялаштыруу” аттуу 22-Эл аралык конференциясына катышты.
Конференциянын башкы максаты – жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана киргизүү, маалыматтык ресурстардын кеңири спектрине ачык жеткиликтүүлүктү берүү үчүн Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн китепкана ишин жана китепканалар аралык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин координациялоо жана ишке ашыруу.
Негизги тема “Кыргыз Республикасынын маданиятын жана билим берүүсүн инновациялык өнүктүрүүдө китепканалардын ролу” болду, анткени маалыматтык технологиялардын кылымында китепканада маалыматтык тейлөөнүн сапаты өзгөрөт, анын таасиринин чөйрөсүн кеңейтүү, тейлөөнү уюштуруунун жаңы формаларын жана методдорун издөө, маалыматтык-китепканалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн киргизүү.
Иш-чарага Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын жана Казакстандын китепканаларынын жана маалыматтык мекемелеринин өкүлдөрү катышты.