Гүлбара Абдыкалыкова КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык кеңешинин жыйынына катышты

Март 26, 2025 - 18:10
Март 26, 2025 - 18:26
 9
Гүлбара Абдыкалыкова КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык кеңешинин жыйынына катышты
Гүлбара Абдыкалыкова КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык кеңешинин жыйынына катышты
Бүгүн, 26-мартта, Маданият, маалымат жана жштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык кеңешинин жыйынына видеоконференция форматында катышты.

Талкуунун негизги темасы КМШга мүчө мамлекеттердин “Данктуу эмгек шаары. 1941–1945-жылдар” ардактуу наамын ыйгаруу боюнча өтүнмөлөрү болду. Бул демилге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган жана шаарлар менен алардын тургундарынын жалпы Жеңишке кошкон салымын тарыхый эс тутумда сактоого багытталган.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар КМШ өлкөлөрүнүн сунуштарын карап чыгып, аталган наамды ыйгаруунун критерийлерин жана бул демилгени ишке ашыруунун кийинки кадамдарын талкуулашты.