Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынак жарыяланды

Июнь 13, 2025 - 20:22
 22
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынак жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Мамлекеттик гимндин жаңы редакциясы боюнча республикалык сынак жарыялайт. Сынактын максаты – тарых, маданият жана улуттук биримдикти камтыган жогорку көркөмдүк деңгээлдеги жаңы гимн түзүү.

Сынак ачык түрдө 2 этапта өткөрүлөт:

– Текстинин долбоорлорун тандоо;
– тандалып алынган тексттердин негизинде музыкасынын жаңы редакциясынын долбоорун тандоо.
– Сынакка мурда катышкан жарандар жаңы эмгектери менен катыша алышат.

Сынактын 1-этабына акындар, автордук жамааттар (музыкалык чыгармачылык жамааттар, ошондой эле башка уюмдар – 5 адамдан ашпаган курамда) катыша алышат.

Сыныктын 2-этабына композиторлор, музыканттар, обончулар, автордук жамааттар (музыкалык чыгармачылык жамааттар, студиялар, союздар, ошондой эле башка уюмдар – 5 адамдан ашпаган курамда) сынактын 1-этабында тандалып алынган тексттерге карата жазылган музыкалык чыгармалары менен катыша алышат.

Сынактын 1-этабына катышуу үчүн табыштаманын кагаз жүзүндөгү варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен биргеликте 2025-жылдын 7-июлуна чейин төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78.

Сынактын 1-этабына катышууга табыштаманын электрондук (сканерден өткөрүлгөн) варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 7-июлуна чейин gimn.2025@minculture.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүлөт.

Ведомстволор аралык комиссия Сынакка келип түшкөн чыгармаларды 2025-жылдын 25-июлуна чейин карап чыгып, 5 (беш) мыкты эмгекти тандап алат.

Сынактын 2-этабына катышуу үчүн өтүнмөнүн кагаз жүзүндөгү варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен биргеликте 2025-жылдын 8-сентябрына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78.

Сынактын 2-этабына катышууга табыштаманын электрондук (сканерден өткөрүлгөн) варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 8-сентябрына чейин gimn.2025@minculture.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүлөт.

Сынактын 1-этабындагы тандоо критерийлери:

• жогорку көркөмдүгү;
• чет элдик сөздөрдү жана өздөштүрүлгөн лексиканы колдонбостон, тексттин кыргыз адабий тилинин эрежелерине ылайык келиши;
• тексттин бардык улуттагы жана диндеги жарандардын кабыл алуусуна, жаттап алууга жана аткарууга жеңилдиги;
• Гимндин текстинде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:
- тарыхтагы маанилүү окуялар, көп улуттуулук, элдин биримдиги, бай маданий мурастар, руханий салттар жана мамлекеттин жогорку жетишкендиктери;
- Кыргыз Республикасынын табигый жана географиялык өзгөчөлүктөрү, көп кырдуулугу жана индивидуалдуулугу;
- мекенди сүйүү.

Сынактын 2-этабындагы тандоо критерийлери:

• композициянын бүтүндүгү, жогорку көркөм таасири;
• көтөрүңкү маанай, мекенчилдик, эмоционалдуулук, улуттук мотивдер, жашоого шыктандыруучу мүнөз;
• обондун жагымдуулугу, үндүн гармониялуулугу, оригиналдуулук, оңой эсинде калуучулук;
• чет элдик сөздөрдү жана өздөштүрүлгөн лексиканы колдонбостон, тексттин кыргыз адабий тилинин эрежелерине ылайык келиши;
• Гимнди ар турдүү жаш курактагы, улуттагы жана диний ишенимдеги жарандардын кабыл алуусуна, жаттап алуусуна жана аткаруусуна жеңилдиги;
• Гимндин текстинин анын музыкалык коштоосуна шайкеш келүүсү.

Катышуу шарттары

Сынакка автордук укук сакталган жаңы же мурда жарыяланган чыгармалар кабыл алынат. Ар бир катышуучу Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясынын бир же бир нече вариантын сунуштай алат.

Гимндин узактыгы:

• Сынактын текстинин долбоору 5тен ашык эмес куплеттен түзүлүшү керек.
• Сынактын долбоору 3төн ашык эмес куплетке жана 1 кайырмага 4 мүнөттөн ашпаган узактыкка эсептелиши керек. Сынактын долбоорунун кыска варианты аспаптык аткарууда 3 мүнөттөн ашпашы керек.

Сынактын 1-этабына катышуу үчүн өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:

- Гимндин долбоорунун кагаз жүзүндөгү тексти;
- ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу (Жобонун 3-тиркемесине ылайык).

Сынактын 2-этабына катышуу үчүн өтүнмөдө төмөнкү документтер тиркелет:
- чыгарманы музыкалык аспаптын коштоосу менен үн/хор формасында вокалдык жана аспаптык аткаруу же оркестрдин коштоосунда үн/хор USB-флеш-топтомодо видеожазуу же аудиожазуу түрүндө Гимндин долбоорунун музыкасынын жазуусу;
- Гимн долбоорунун кагаз жүзүндөгү музыкасынын ноталык жазуусу (партитурасы);
- Гимндин долбоорунун кагаз жүзүндөгү тексти;
- ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу (Жобонун 6-тиркемесине ылайык).

Сынакка жогорку көркөм дэңгээлде аткарылган бүтүндөй музыкалык бүтүн чыгармалар гана кабыл алынат.

Тандоо тартиби жана сыйлыктар

Маданият министрлиги бардык өтүнмөлөрдү кабыл алып, аларды ведомстволор аралык комиссияга өткөрүп берет. Аталган комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жазуучулар, композиторлор жана маданият ишмерлери кирет.

Сынак аяктагандан кийин Ведомстволор аралык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Гимндин 3 мыкты долбоору жиберилет.

Жеңүүчү долбоордун сыйлыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан каралат.

Сынакка катышууга бир дагы табыштама келип түшпөсө, Сынакка катышууга бештен аз табыштама келсе же сунушталган Сынактык долбоорлордун бири да Ведомстволор аралык комиссия тарабынан эң мыкты үч долбоору катары тандалбаса Сынак жараксыз деп табылат жана кайра жарыяланат.

Ачык-айкын жана калыс тандоо процесси

Сынактын ачык-айкын өтөт. Анын жүрүшү тууралуу маалымат Министрликтин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайттарында, социалдык тармактарда жарыяланат жана мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылат.

Өлкөбүздүн таланттуу жарандарды Кыргыз Республикасынын жаңыланган Мамлекеттик гимнин жаратууга катышууга чакырабыз!
Өтүнмөлөрдүн формаларын файлдар деген жерден жүктөп алыңыз: 

Файлдар