Маданият министри Алтынбек Максутов Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосу

Ноябрь 7, 2024 - 09:18
Ноябрь 11, 2024 - 09:18
 27
Маданият министри Алтынбек Максутов Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосу
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов бүгүн, 7-ноябрда, журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
Министрдин куттуктоосунун тексти:
“Урматтуу Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздерди бүгүнкү, 7-ноябрь журналисттердин кесиптик майрамы -Маалымат жана басма сөз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул майрам ар бир журналисттин, редактордун жана жалпы маалымат кызматкерлеринин коомдогу маанилүү жана жоопкерчиликтүү милдетин дагы бир жолу баса белгилейт. Сиздердин эмгегиңиздер – бул чындыкты издөө, актуалдуу окуяларды өз убагында чагылдыруу жана өлкөнүн жарандарына объективдүү жана ишенимдүү маалыматты берүү. Сиздер күн сайын биздин республиканын маалыматтык чөйрөсүн түзүп, Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана коомдук турмушту жигердетүүгө зор салым кошуп келесиздер.
Быйыл бул майрам өзгөчө маанилүү, анткени биз ата мекендик "Кыргыз Туусу" басылмасынын 100 жылдык тарыхый датасын белгилеп жатабыз. Бул басылма бир кылымдан бери Кыргызстандын элине ак дилден кызмат кылып, кыйын да, урунттуу да жолду басып өттү. "Кыргыз Туусу" жөн гана гезит эмес, ал мамлекеттик ойду, кыргыз элинин түпкү максаттарын жана биздин жолубуздун негизги этаптарын чагылдырган, өлкөбүздүн жана коомубуздун өзгөрүүлөрүн чагылдырып турган маанилүү символ болуп саналат. Гезиттин 100 жылдык мааракеси – бул редакция жамаатынын эле эмес, өлкөбүздүн маданий мурасынын, салттарынын улануусунун жана келечекке карай ишенимдүү кадамыбыздын белгиси.
Бүгүнкү майрамдан пайдаланып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине болгон чоң ыраазычылыгымды билдирем.Өзгөчө алкышымды аймактарда кызмат кылган, жергиликтүү жаңылыктарды чагылдырып, аларды жалпы республикабызга жеткирип жаткан журналисттерге жолдогум келет. Сиздердин тынымсыз изденүүңүздөр, кесипкөйлүгүңүздөр ар бир кыргызстандыкка ишенимдүү, так жана өз убагында маалыматты алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Сиздерге чыгармачыл дем, бийик максаттарды багындырууга болгон күч-кубат жана бейпил эмгек шарттарын каалайм!
Майрамыңыздар менен урматтуу журналисттер, редакторлор, фотографтар, операторлор, режиссерлор жана өлкөбүздүн маалымат айдыңын өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан бардык медиа өкүлдөрү! 100 жылдык мааракеңиздер кут болсун, биздин “Кыргыз Туусу” гезити!”