Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Ага Хан өнүктүрүү уюмунун өкүлү менен жолукту

Март 14, 2025 - 14:35
Март 14, 2025 - 14:43
 8

Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Кыргызстандагы Ага Хан Өнүктүрүү уюмунун (АКДН) Дипломатиялык өкүлү доктор Баркат Фазал менен жолугушту.

Жолугушууда М. Абдраев атындагы атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын окуучулары үчүн окуу корпусун жана концерттик залын куруу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасы менен АКДН ортосундагы кызматташтыктын алкагында билим берүү мекемелеринин инфратүзүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул жаш муундун чыгармачылык жана маданий потенциалын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт. М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын окуучулары үчүн заманбап окуу корпусу жана концерттик зал куруу – алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзө турган маанилүү кадам.

Жолугушуу учурунда Маданият министри жана АКДН өкүлдөрү курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, долбоорду аяктоо боюнча деталдуу пландарды талкуулашты. Ошондой эле, келечектеги имараттарды жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулугу менен коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралды. Өзгөчө көңүл курулуштун сапатына, долбоордун мөөнөттөрүн так сактоого жана жаш музыканттардын чыгармачылык жана кесиптик өсүшүнө шарт түзүүгө бурулду.

Министр Мирбек Мамбеталиев АКДНга Кыргызстандагы маданий-билим берүү демилгелерине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, музыкалык билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жаңы имараттын курулушунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаты өлкөбүздөгү алдыңкы окуу жайлардын бири. Окуучулар үчүн шарт түзүү алардын билимин жогорулатууга гана эмес, өлкөбүздүн маданий пайдубалын чыңдоого да өбөлгө түзөт. Биз АКДНдин билим берүү инфра түзүмүн өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалайбыз жана мындан ары да жемиштүү кызматташтыкты улантабыз деп ишенебиз”, – деди министр.

Өз кезегинде доктор Баркат Фазал АКДНдин Кыргызстандагы билим берүү демилгелерин колдоого болгон берилгендигин дагы бир жолу баса белгилеп, жаңы имарат музыкалык билим берүү жана өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүгө чоң салым кошо турганына ишенимин билдирди.