Маданият министри Мирбек Мамбеталиевдин 18-май — Эл аралык музейлер күнүнө карата куттуктоосу

Май 18, 2025 - 14:45
 9
Маданият министри Мирбек Мамбеталиевдин 18-май — Эл аралык музейлер күнүнө карата куттуктоосу
Урматтуу музей кызматкерлери!

Сиздерди 18-май — Эл аралык музейлер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул күн бизге маданий мурастардын жана аларды сактоодо музей мекемелеринин маанилүү ролун жана аларга жүктөлгөн жооптуу миссияны дагы бир ирет эскертет.

Бүгүнкү биз жашап жаткан ааламдашуу доорунда тарыхый эс тутумду жаш муунга жеткирүү милдети өзгөчө актуалдуу. Ал эми эс тутум казынасы болгон музейлер - өткөндү бүгүнгө, бүгүнкүнү келечекке байлап турган ыйык жайлар экендиги талашсыз.

Музей казыналарындагы кылымдарды карыткан баалуулуктарды сактап, калыбына келтирип, изилдеп, аларга жаңы дем берип, коомчулукка жеткирүүдө музей кызматкерлеринин эмгеги эбегейсиз. Сиздердин талыкпаган, чыгармачыл иш-аракетиңиздердин натыйжасында музейлер жандуу социалдык-маданий, илимий-агартуучу жана руханий аянтчаларга айлануу менен жаштардын кызыгуусун күн санап арттырып келет.

Бул жооптуу милдетти берилгендик менен аткарып келген бардык музей кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир ирет чын дилимден куттуктайм!

Көөнөрбөс мурастарыбызды сактоо жана даңазалоо багытындагы иш-аракетиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштосун! Сиздерге чың ден соолук жана чыгармачылык эргүү каалайм!

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев