Бүгүн, 8-апрелде Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-декабрындагы “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Министрликке караштуу билим берүү мекемелеринин профессордук-окутуучулук курамына, мугалимдерине жана студенттерине жарлыктын негизги багыты боюнча кеңири маалымат берилип, талкуу болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А.А.Алтымышбаев атындагы Философия институтунун философия бөлүмүнүн башкы илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, Фольклор жана салттуу музыкалык искусствонун тарыхы, теориясы бөлүмүнүн башчысы Тимур Саламатов катышты.
Министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков өз сөзүндө Кыргызстанды, айрыкча өсүп келе жаткан муунду, жаштарыбызды мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга, улуттук дөөлөттү, салттуу жана жалпы адамзаттык руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого, сергек жашоо мүнөзүн жүргүзүүгө, ак ниет эмгекке, укуктук, экологиялык жана эстетикалык тарбия алууга үндөдү. Ошондой эле, мамлекеттик тилге аяр мамиле кылуу, жарандык коомдун өнүктүрүү процессине шайкеш келүү жана мекенчилдик сыяктуу коомдук жүрүм-турум ченемдерин мыйзам ченемдүүлүккө багыт берүү керектигин баса белгиледи.