“Оюулар, кол өнөрчүлүк искусствосу” аттуу илимий-практикалык конференция өттү

Февраль 26, 2025 - 19:04
 15

Бүгүн 26-февралда А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен “Бурана мода” IX эл аралык жумалыгынын алкагында “Оюулар, кол өнөрчүлүк искусствосу” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрүнүн, Казакстан, Өзбекстандан келген меймандар, тарыхчы-этнограф, дизайнер, кол өнөрчүлөрдүн катышуусунда өтүп, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан спикерлер онлайн байланыш аркылуу катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө докладдар окулуп, презентациялар көрсөтүлдү.

Бул эл аралык мода жумалыгы акыркы тогуз жыл ичинде кыргыз мода индустриясында ийгиликтерди жаратып, салттуу кийим, кол өнөрчүлүк маданиятын жаңыртып, коомчулукка гана алып чыкпастан, дүйнөнүн 50дон ашык мамлекетине тааныта алды. Бир топ жаш дизайнерлердин эмгектерин эл аралык подиумга чыгарып, чоң ийгиликтерди жаратып келет.

Конференцияда салттуу кийимдер жана мурастарды сактап калуу максатында мындай заманга шайкеш келген иш чаралар коомчулукка кеңири тарашы керектиги белгиленди.

Иш-чара эртең 27-февралда “BURANA FASHION WEEK 2025” көргөзмөсү менен уланат. Белгилей кетсек, “Бурана мода” жумалыгынын бул жылдагы темасы “Азия сүртүмдөрү” деген аталыш менен өтүүдө.

Маалымат үчүн: Кыргыз мода индустриясы өзүнө төрт чоң долбоорду камтыйт. 2016-жылы түптөлүп, 2017-жылы алгачкы көргөзмөсүн өткөргөн. Андан соң “Дүйнөлүк Көчмөн Модасы” фестивалы, “Бурана фешн” мода жумалыгы, “Подиум Кыргызстан” мода журналы жана “Орто Азия Мода сыйлыгы” түптөлүп өткөрүлүп келет. Бир жылда үч жолу өтүүчү бул иш чара 50дөй мамлекет менен алака түзүп, эл аралык деңгээлде иш алып барып келет.

Бүгүнкү күндө, акыркы 9 жыл ичинде Кыргыз мода индустриясын профессионалдык деңгээлге чыгарып, жол ачып берди. Европа, Азия, Орто Азия, КМШ өлкөлөрүндө өз эмгектерин, жогорку сапаттагы кийимдер коллекцияларын көрсөтүп, алдыңкы орундарды алууда. Аталган долбоорлор Кыргыздын салттуу маданият кийимин таанытып, жайылтып ошондой эле заманга бапташтырып, өнүктүрүп келет.