“Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли Ош шаарында көрсөтүлдү
11-14-май күндөрү, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы чыгармачылык иш-сапар менен Ош шаарында болуп келди.
Бул жолу Улутуттук филармония залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармасынын негизинде Кыргыз Республикасынын эл акыны Аалы Туткучов жазган “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзиклин түштүк элине тартуулады.
Борбор шаарыбызда тартууланып жалпы журтчулуктун жылуу колдоосуна ээ болгон “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли түштүк жергесинде дагы элге ийгиликтүү көрсөтүлдү.
Кыргыздын салт-санаасын, нукура маданиятын ичине камтыган бул чыгарма көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун таап, Кыргыз Республикасынын Президенитинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош шаарынын мэриясы Улуттук филармониянын чыгармачыл жамаатына терең ыраазычылыгын билдирип, чыгармачылыктагы ийгиликтерди каалады.