“Жаңы ысымдар” эл аралык студенттик спектаклдер фестивалы башталды

Апрель 15, 2025 - 21:08
 16

Бүгүн, 15-апрелде Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Х “Жаңы ысымдар” эл аралык студенттик спектаклдер фестивалы салтанаттуу түрдө ачылды.

Фестивалдын ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев ошондой эле театр ишмерлери, чет элден келген меймандар, студенттер жана театр сүйүүчүлөрү катышты.

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов фестиваль өзгөчө өнөрдү даңазалоо, жаштарды чыгармачылыкка үндөө жана кесипкөй сахна чеберлеринин жаңы муунун тарбиялоо максатында 2016-жылы эң алгач республикалык деңгээлде уюштурулганын белгиледи. Ошондон бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп, бүгүнкү күндө маданий өнүгүүнүн, чыгармачыл изденүүнүн жана эл аралык кызматташуунун ажырагыс бөлүгүнө айланды – деп билдирди.

Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев “Жаңы ысымдар” студенттик спектаклдер фестивалынын популярдуулугу жылдан жылга артып, ага катышууну каалаган чет өлкөлүк искусство багытындагы жогорку жана орто окуу жайлардын саны арбып, географиялык алкагы кеңейип жатканын айтты.

Студенттик спектаклдер фестивалынын ачылышында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери тарабынан сахналаштырылган “Бөрүнүн тилеги” спектакли тартууланды. Соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов спектаклдин режиссёру Эльвира Караевага диплом тапшырып, ийгилик каалады.

“Жаңы ысымдар” студенттик спектаклдердин фестивалы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети тарабынан негизделип, алгачкы жолу 2016-жылы май айында өткөн. Ага студенттик 9 спектакль катышкан. 2021-жылы Казакстан, Өзбекстандын окуу жайлары да катышып, “Эл аралык фестиваль” статусун алган. Быйылкы Х ирет өтүп жаткан фестивалга Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнөн да студенттер катышууда.

Фестиваль жаш театр ишмерлерди, актёр, режиссёрлорду шыктандыруу, аларга стимул берүү, театр тармагында билим берген окуу жайлардын тармактык жактан өнүгүүсүн камсыздоо, ошондой эле жаш таланттардын бири-бири менен байланыш түзүүсүнө көпүрө болуу максатында уюштурулуп келет.

Белгилей кетсек, фестиваль бир нече күнгө созулуп, Бишкек шаарындагы театрларда кыргызстандык жана чет элдик студенттик спектаклдер калыстардын сынына коюлат. 18-апрелде Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында жыйынтыкталат.