Жаңы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин долбоорун тандоо боюнча комиссия кайрадан сынак өткөрүү боюнча сунуш берүү чечимин кабыл алды

Апрель 11, 2025 - 16:07
Апрель 11, 2025 - 23:13
 24
Жаңы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин долбоорун тандоо боюнча комиссия кайрадан сынак өткөрүү боюнча сунуш берүү чечимин кабыл алды
2025-жылдын 9–10-апрель күндөрү Кыргыз улуттук “Манас” театрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын экинчи отуруму өттү.

Жыйында комиссия мүчөлөрү сунушталган долбоорлорду угуп чыгып, алардын мазмундук, музыкалык жана поэтикалык жактарын ар тараптан талдоого алышты.

Комиссия сунушталган долбоорлордун ар түрдүүлүгүнө жана жарандардын активдүү катышуусуна карабастан, мамлекеттик символ катары гимнге коюлган мазмундук жана көркөм талаптарга толук жооп берген чыгарма табылган жок деген бүтүмгө келди. Ушуга байланыштуу, сынакты кайрадан жарыялоо жана Жобого бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун киргизүү чечими кабыл алынды.

Комиссиянын сунушу боюнча:

1. Биринчи этапта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнине жаңы редакциядагы текст тандалып алынат.
2. Экинчи этапта бекитилген текстке музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча сынак жарыяланат.
Буга чейинки сынакка катышкан авторлор бул жолку сынакка дагы катыша алышат, бирок жаңы долбоор менен.
Комиссия Мамлекеттик гимндин долбоору өзгөчө кылдат мамилени жана ар тараптуу кароону талап кылган улуттук биримдиктин символу экенин белгилеп, кийинки сынакта кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, маданий мурасын, өнүгүүгө болгон умтулуусун жана улуттук биримдикти чагылдырган долбоорлорду камтышы керектигин билдирди.
Маалымат катары: Буга чейин, 2025-жылдын 7-февралынан 20-мартына чейинки аралыкта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине ар кандай булактар аркылуу 488 жарандан жалпысынан 703 сунуш келип түшкөн. Жобонун 3-главасынын 11, 12 жана 13-пункттарына ылайык, министрликтин алдында түзүлгөн техникалык топ тарабынан бардык документтердин жана материалдардын талаптарга шайкештиги текшерилип чыккан.

Натыйжада аты-жөнү, дареги жана жеке маалыматтары так көрсөтүлгөн 165 жарандан 285 долбоор каттоодон өттү. Алардын ичинен:

• Толук долбоорлор (текст, партитура жана музыкалык коштоосу менен) – 90;
• Ырдын тексти музыкалык коштоосу менен –3;
• Ырдын тексти музыкасынын партитурасы менен – 3;
• Ырдын тексти үн коштоосу менен (музыкалык аспапсыз) – 10;
• Болгону текст – 177;
• Болгону музыка (нота) – 2 (анын ичинен 1 партитура үн коштоосу менен).