Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Станалиев Самсак Станалиевич Кетмен-Төбө өрөөнүндө, т.а. Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Жазы-Кечүү айылында 1950-жылы 11-сентябрда туулган.
1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолун 1966-жылы Кара-Көл шаарындагы «Нарынгидроэнергокурулуш» башкармасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылы Токтогул райондук камсыздоо бөлүмүндө улук эсепчи болуп иштеген.
1969–1971-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1971–1972-жж. Токтогул райондук «Учкун» гезитинде адабий кызматкер, 1977-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин жаштар редакциясында редактор, 1978–1980-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, улук кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылга чейин «Мектеп» басмасынын балдар жана жаштар адабияты редакциясында редактор, 1986-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин адабий сын бөлүмүнүн башчысы, баяндамачы болуп иштеген.
2000–2001-жж. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган «Кыргызстан» энциклопедиясын чыгарууга редактор катары катышкан. 2001-жылдан баштап «Кыргыз Туусу» гезитинде баяндамачы болуп иштеген. 2005–2011-жж. «Адабий Ала-Тоо» гезитинин башкы редактору, ал эми 2019–2021-жж. ай сайын чыкчу «Ала-Тоо» адабий журналынын башкы редактору болгон.
С.Станалиевдин поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулуп жарыяланган. Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романын, “Манастын бала чагы” эпос-жомокту, В.Ф.Одоевскийдин, О.Н.Тихомировдун ж.б. китептерин кыргыз тилине которгон.
Жазма адабиятыбыздын жаралыш, калыптаныш мезгилине байланыштуу, ошондой эле С.Карачев, К.Тыныстанов, Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбеков, Т.Сыдыкбеков ж.б. өмүр жолу чыгармачылыгын, учурдагы адабий турмушту изилдеген 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын автору.
1989-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Самсак Станалиев кыргыз адабиятында тарыхый-биографиялык романдары менен өзгөчө орун ээлеген жазуучу. Ал 37 жашында кандуу жазалоонун курмандыгына айланган тилчи аалым, коомдук ишмер Касым Тыныстановдун (1901-1938) өмүр жолу баяндалган “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” (2001) романын жазган. Бул роман орто мектепредин 9,10,11-класстарында кыргыз адабияты сабагынын программасына жана жогорку окуу жайлардын окуу программасына киргизилген. Ошондой эле кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүрү жана чыгармачылык тагдырына кайрылган «Жылдын эң узак күнү» (2007) романын, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган «Ак жарыктын айыкпаган сыныгы» (2018) роман-трилогиясын жазган.
Жазуучунун «Чагылгандын көз жашы» жана «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» романдары окурмандардын суроо-талабы менен бир нече жолу басылып чыккан.