“Ала-Тоо жазы” жаштар кароо-сынак фестивалы өттү

Апрель 14, 2025 - 22:04
Апрель 15, 2025 - 15:56
 27

Эки күнгө созулган “Ала-Тоо жазы” кароо-сынак фестивалы кечээ, 13-апрелде К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында башталган. Андан жолдомо алган командалар бүгүн 14-апрелде Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өз өнөрлөрүн тартуулап, жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сыйлыктардын тастыктамасы тапшырылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, проректорлору ошондой эле студенттер катышты.

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов иш-чаранын расмий бөлүгүндө “Улуттук биримдиктин, руханий байланыштын белгиси болуп келген бул иш-чара быйыл жаңыча өңүттө өтүп жатат. Өлкө жетекчилиги жаштардын чыгармачылыгын, инновацияга болгон умтулуусун, маданий мурасты алып жүрүү аракеттерин толук колдойт. Бүгүнкү иш-чара да – бул саясаттын жаркын үлгүсү” – деп билдирди.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө “Ала-Тоо жазы” фестивалы жаштардын талантын ачуу, чыгармачылык эркиндигин колдоо жана улуттук маданиятыбызды жаңыртуу үчүн түзүлгөн өзгөчө аянтча экенин айтты. Ошондой эле, сиздердин сахнадагы ар бир кадамыңыздар элдин духун көтөргөн, келечекке болгон үмүттү күчөткөн чоң көрүнүш деп белгиледи.
Кароо-сынак фестивалы вокалдык искусство, автордук ырлар, фольклор, инструменталдык искусство, хореография багытында өттү.

Атайын түзүлгөн калыстар тобу кароо-сынакка калыстык кылды. Алар калыстар тобунун төрагасы – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор Жамиля Муратова, мүчөлөрү – Кыргыз Республикасынын эл артисти, П. Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин директору Гүлзинат Суранчиева, Кыргыз Республикасынын маданияттын мыкты кызматкери, эстрада ырчысы, D Billions компаниясынын директору Акбар Сүйүнбаев, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин актердук чеберчилик жана режиссёрлук курсунун башчысы Уланмырза Карыпбаев, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын заманбап труппасынын башкы балетмейстери Тилек Кийизбеав.

Жыйынтыгында “Ала-Тоо жазы” жаштар кароо-сынак фестивалынын калыстар тобунун чечими менен сыйлыктардын ээси болуп төмөндөгүлөр табылды:
1-орун - I даражадагы тастыктама И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 300 000 сом акчалай сыйлык;
2-орун - II даражадагы тастыктама Кыргыз-Түрк “Манас” университети – 200 000 сом акчалай сыйлык;
3-орун - III даражадагы тастыктама И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 100 000 сом акчалай сыйлык;
4-орун - IV даражадагы тастыктама Ош мамлекеттик университети – 75 000 сом акчалай сыйлык;
5-орун V даражадагы тастыктама С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети – 75 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Номинациялар:
Мыкты бий:
И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы.
Мыкты инструменталдык аткаруучу:
К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети
Мыкты фольклор:
К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети.
Мыкты вокал:
Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети.
Мыкты автордук чыгарма:
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети.

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы 24 жогорку окуу жайынан жалпы 104 команда катышты.

Белгилей кетсек, бул фестиваль алгачкы жолу 1966-жылы өткөрүлүп, Кыргызстандагы музыкалык маданияттын ажырагыс салтына айланган. Ушул жылы фестиваль заманбап форматта кайра жанданып, жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана улуттук маданий мурасты сактап-жайылтууга багытталган. 2017-жылдан берки узак тыныгуудан кийин бул жаркыраган маданий майрам таланттуу жаштарды кайрадан бириктирди.