Улуттук тарых музейде 10- июль күнү “Тирек: Аялдын өмүр жиби” аттуу көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул уникалдуу маданий иш-чара сүрөтчүлөрдү, активисттерди, изилдөөчүлөрдү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жарандык коомду, эл аралык уюмдарды жана жаштарды бириктирди.
«Тирек» аталышы тюрк тилдеринде таяныч, колдоо, кармап туруучу конструкция дегенди билдирет. Бул образ аялдардын көп учурда коомдогу гендердик ролдордун, күтүүлөрдүн жана жашоодогу шарттардын таасиринен улам өз мойнуна алган жоопкерчилигин чагылдырат. Ошондой эле «тирек» — бул күчтүү тамыры бар дарак, туруктуулуктун жана ички күчтүн символу. Көргөзмө көрүүчүлөрдү аялдын ички күчүнүн тереңине кулак төшөөгө, аны көрүү менен гана эмес, кайдан пайда болорун сезүүгө чакырат.
«Маданият министрлиги искусствону коомдук диалогдун каражаты катары колдогон демилгелерге өзгөчө маани берет. “Тирек” көргөзмөсү искусство менен гендердик маалыматты айкалыштырып, маанилүү маселелерди көтөрүп, бардыгы үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү алдыга жылдырууга өбөлгө боло аларын көрсөтүп турат», — деди Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова.
Экспозицияда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан келген сүрөтчүлөр тарабынан дата-арт ыкмасы аркылуу жасалган 14 искусство эмгеги көрсөтүлөт. Визуалдык искусство менен гендердик маалыматты айкалыштырган бул эмгектер аялдардын лидерлиги, көрүнбөгөн эмгек, экономикалык теңсиздик, дискриминация, гендердик зомбулук, энелердин өлүмү жана коомдук нормалардын басымы сыяктуу темаларды чагылдырат.
Бул көргөзмө БУУнун Аялдар Түзүмүнүн “Ар бир аял жана кыз маанилүү” аймактык программасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, “Элдик Банк” ААК жана “Кыргызстандын аэропорттору” ААК менен тыгыз өнөктөштүктө өткөрүлүүдө.
Көргөзмө 2025-жылдын 23-июлуна чейин Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 203 дарегинде жайгашкан Улуттук тарых музейинде ачык болот. Келүүгө эркин.
Арт-эмгектердин каталогун бул жерден көрө аласыз: http://unwo.men/weNI50WmRwQ