Бишкекте “Музейлер альянсы: Евразия демилгеси” аттуу эл аралык музей саммити өттү

Июнь 9, 2025 - 17:56
Июнь 9, 2025 - 18:04
 10

Бүгүн, 9-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук Тарых музейинде жогорку профессионалдык деңгээлде “Музейлер альянсы: Евразия демилгеси” аттуу эл аралык музей саммити өттү. Бул ири маданий иш-чара дүйнөлүк музейлерди жана музей ишмерлерин бириктирген эң чоң уюм Музейлердин эл аралык кеңешинин (мындан ары – ICOM) демилгеси менен уюштурулду.

Саммиттин ишине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова, Россия кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев ар кыл өлкөлөрдөн келген өкүлдөр, анын ичинде ICOM улуттук комитеттеринин өкүлдөрү Мутони Танга (Кения), Насир Аль Дармаки (БАЭ), Василий Панкратов (Россия), Амбика Бипин Патель (Индия), Галина Алексеева (Россия) жана башка музей тармагынын адистери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Кыргызстандын ICOM улуттук комитетинин өлкөнүн маданий турмушундагы орду жана музей тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү ролу тууралуу айтып, комитет Маданият министрлиги жана жарандык коом менен тыгыз кызматташтыкта бир катар демилгелерди ишке ашырып жатканын белгиледи.

Саммит Кыргызстандын музей тармагын эл аралык деңгээлге чыгаруу жана дүйнөлүк музей коомчулугуна интеграциялоодогу олуттуу кадам болуп эсептелет. Аталган жыйын ачык диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана өз ара кызматташууну бекемдөө үчүн маанилүү эл аралык аянтча болду.

Белгилей кетсек, иш-чарага жалпы 11 мамлекеттен келген ICOM өкүлдөрү жана музей мекемелеринин жетекчилери катышып, өз тажрыйбалары, ийгиликтүү долбоорлору жана жаңы демилгелери менен бөлүштү. Кыргыз Республикасындагы ICOM улуттук комитетинин төрайымы, Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунун директору Аида Алымова.