11-12-13-апрель күндөрү Бишкек шаарында Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрынын гастролдору өтөт. Театр өткөн жылы алты эл аралык театралдык фестивалга катышып, бардыгында Гран-приге ээ болгон эки спектаклди тартуулайт: "Күн кармаган бала" жана "Ак кеме". Ошондой эле Жан-Батист Мольердин чыгармасынын негизинде коюлган "Сараң" (Скупой) аттуу премьералык спектакль көрсөтүлөт. Режиссёру Уланмырза Карыпбаев.
Спектаклдердин графиги:
• 11-апрель: : "Сараң";
• 12-апрель: "Күн кармаган бала";
• 13-апрель: "Ак кеме".
Гастролдор Бишкек шаарынын “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өтөт. Спектаклдердин башталышы саат 19:00.