Бүгүн, 25-февралда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Көөнө тарых сырлары – 2024: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алгачкы жыл жыйынтыгы" аттуу илимий конференция өттү.
Белгилүү болгондой, 2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу, ошондой эле аларды билим берүү жана туристтик чөйрөдө пайдалануу үчүн зарыл шарттарды жана инфраструктураны түзүү максатында иштелип чыккан.
Конференциянын максаты 2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алгачкы жыл жыйынтыгын чыгаруу болуп саналат. Бул маанилүү илимий конференция тарыхый мурастарды сактоого жана изилдөөгө арналган изилдөөчүлөрдү бириктирди.
Конференциянын алкагында буга чейин белгилүү болгон тарыхый-маданий мурас эстеликтерин изилдөө жана документтештирүү боюнча акыркы жылдардагы изилдөөлөргө жана акыркы жылдары Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан археологиялык изилдөөлөргө жана жаңы табылгаларга, аларды сактоонун жана жайылтуунун актуалдуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Программаны ишке ашыруунун алгачкы жылында маанилүү натыйжаларга жетишилди. Ысык-Көл, Нарын облустарында археологиялык казуулар жүргүзүлдү, Өзгөн шаарындагы Өзгөн чалдыбарында байыркы жана орто кылымдардагы эстеликтерди жана Кочкор районунун аймагындагы “Кочкор-Башы” (Кум-Дөбө) чалдыбарын изилдөө, археологиялык казуу жана консервациялоо, музейлештирүү боюнча иш-чаралар, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы “Асман” экологиялык шаарынын аймагындагы археологиялык объекттерди казуу иштери ишке ашырылды.
Археология, тарых, маданият таануу жаатындагы адистер, тектеш дисциплиналар боюнча иштеген илимий коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер конференцияга катышууга чакырылган.
Илимий конференция эртең, 26-февралда дагы уланат.
Конференциянын жыйынтыктоочу материалдары атайын тематикалык илимий жыйнакта жарыяланат.