Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата сүрөтчүлөр арасында көргөзмө-сынак өткөрүлөт

Октябрь 30, 2024 - 11:48
 53
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата сүрөтчүлөр арасында көргөзмө-сынак өткөрүлөт
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу менен биргиликте көркөм өнөр чөйрөсүндө иштеген сүрөтчүлөрдү колдоо жана шыктандыруу, ошондой эле кыргыз элинин маданий мурастарын жана каада-салттарын кеңири жайылтуу максатында көргөзмө-сынак өткөрөт.
Көргөзмө-сынактын максаттары:
- Көргөзмө-сынактын максаты  заманбап көркөм формалар аркылуу Кыргызстандын маданий баалуулуктарын сактоо жана өнүктүрүү, таланттуу сүрөтчүлөрдү колдоо жана аныктоо;
- Тарыхый дата – РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө;
- Кыргыз элинин образын, маданиятын, каада-салтын, турмуш-тиричилигин жана руханий баалуулуктарын чагылдырган чыгармаларды жаратууга сүрөтчүлөрдү шыктандыруу;
- Сүрөтчүлөрдү колдоо, алардын чыгармачыл өсүшүнө жана таанылышына шарт түзүү;
- Кыргыз элинин бай маданий мурасына жана анын заманбап искусстводо чагылдырылышына коомчулуктун көңүлүн буруу;
- Көрсөтүлгөн эмгектер жана алардын авторлору жөнүндө маалыматты камтыган көргөзмөнүн каталогун иштеп чыгуу жана басып чыгаруу.
Катышуучуларга болгон негизги талаптар:
Көргөзмө-сынакка жаш курагына жана жашаган жерине карабастан көркөм сүрөт искусствосунун (живопись, графика, скульптура ж.б.) бардык жанрларында иштеген сүрөтчүлөр катыша алышат.
Көргөзмө-сынака катышуу үчүн төмөнкүлөрдү камтыган табыштама (заявка) берүү зарыл:
- автордун кыскача өмүр баяны;
- сынакка берилген иштердин сүрөттөрү (бир катышуучудан 3төн көп эмес);
- сунушталган иштердин концепциясынын сыпаттамасы.
Чыгармалардын тематикасы сынактын аталышына туура келип, кыргыз элинин маданий, тарыхый, социалдык же руханий аспектилерин чагылдырышы керек.
Ишти уюштуруу жана өткөрүү мөөнөтү:
- Сынакка катышуу үчүн табыштамаларды жана иштердин сүрөттөрүн 2024-жылдын 5-ноябрына чейин artkg@mail.ru электрондук дарегине жиберүү зарыл.
Көргөзмө 2024-жылдын 6-ноябрынан 26-ноябрына чейин уланат.
Көргөзмөнүн ачылышы 2024-жылдын 6-ноябрында Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт өнөр музейинде өтөт.
Көргөзмөнүн жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2024-жылдын 26-ноябрында Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт өнөр музейинде өтөт.
Көргөзмө-сынак 4 багыт боюнча өткөрүлөт: Көркөм сүрөт,Скульптура, Графика, Декоративдик-прикладдык искусство боюнча.
Ар бир багыт боюнча дипломдор жана акчалай сыйлыктар каралган.
Жеңүчүүлөрдүн эмгектери ээлерине кайтарылып берилбейт жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүлүп берилет. Ошондой эле уюштуруучулар аталган эмгектерди башка иш-чараларда пайдалануу укугун сактап калышат.
Байланыш маалыматы:
Кошумча маалымат алуу үчүн, ошондой эле катышуу үчүн табыштама берүү үчүн уюштуруу комитетине төмөнкү маалым даректер боюнча кайрылыңыз:
Байланыш телефону:+996 312 661 859 же
Электрондук дарек: artkg@mail.ru