Кыргыз Республикасында Азербайжан Республикасынын маданият күндөрү өтөт

Апрель 16, 2025 - 16:41
Апрель 16, 2025 - 17:08
 11
Кыргыз Республикасында Азербайжан Республикасынын маданият күндөрү өтөт
Кыргыз Республикасында Азербайжан Республикасынын маданият күндөрү өтөт

Маданий иш-чаралар программасы:

21-апрель
Саат 15:00 – Азербайжан улуттук мурас искусствосу көргөзмөсү. (Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде);
Саат 19:00 – Азербайжан искусствосунун чеберлери катышкан гала концерт. (Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында).

22-апрель
Саат 14:30 – Азербайжан адабияты бурчунун ачылышы. (Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында);
Саат 15:00 – Бахтияр Вахабзаденин китебинин бет ачары. (Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында);
Саат 19:00 – Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин концерти. (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).

23-апрель
Саат 16:00 – Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашовдун мастер-классы. (Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында);
Саат 19:00 – Азербайжандын улуу композитору Узейир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык музыка кечеси. (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).

24-апрель
Саат 16:00 - Салттуу музыкалык аспаптар ансамблинин концерти. (Кыргыз улуттук “Манас” театрында);
Саат 19:00 – Джаз музыкасынын кечи. (Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында).

Азербайжан элинин бай маданиятына күбөсү болунуз!