Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Эсенгулова 62 жашында дүйнөдөн кайтты

Апрель 12, 2025 - 16:18
 28
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Эсенгулова 62 жашында дүйнөдөн кайтты
Анара Эсенгулова 1963-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. 1970-жылы Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепке 1-класска кабыл алынган. 1978-жылы Фрунзе шаарындагы М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына тапшырып, 1982-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Окуп жүргөн мезгилинде 4-курстан баштап С. Токтакунованын окуучусу болуп, оркестрда иштеген. Ошол мезгилдерде “Акмарал” бий ансамблинде солист-комузчу болуп эмгектенген.

Кийин А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында оркестрдин солисти болуп эмгектенип, Ж. Каниметовдун “Ак-Мөөр” опера дастанынында “Ак бугу” чыгармасын жогорку деңгээлде аткарып, элге таанымал болгон.

Чебер комузчу “Ысык-Көл” баяны күүсүн чыгарган.

М. Күрөңкеев атындагы окуу жайында 15 жылдай кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө комуздан сабак берген.

Акыркы учурда Т. Сыдыкбеков атындагы фонддо координатор болуп иштеп, кыргыз комузун пропагандалап, чет өлкөлөрдө гастролдорго чыгып жүргөн.

Анара Эсенгулова “Жаштар” сыйлыгынын лауреаты, “Түгөлбай ата” эл аралык коомунун “Кыргыз Жылдыздары” медалынын ээси, СССРдин эл артисти “Самара Токтакунова” атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

Анын сөөгү бүгүн, 12-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилди.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.