2024-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн, улуттук “Эркин Тоо” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинин жана кыргыз журналистикасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан “Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгы”
аттуу медиафоруму өткөрүлдү.
Медиафорумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Исаева Джамиля, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-катчысы Аскат Алагозов куттуктоо сөздөрү менен чыгышты, форумдун модератору катары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрнин орун басары Марат Тагаев иш алып барды.
Иш-чарага 200гө жакын медиа өкүлдөрү, анын ичинде эксперттер жана журналистиканын ардагерлери катышты. Медиафорум «Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгы: тарыхы, жетишкендиктери жана кыйынчылыктары» жана “Глобализация шарттарында журналистика: адаптация жана инновация” деген темалардын алкагында өттү.
Медиафорумда спикерлер эң актуалдуу темалар боюнча баяндамаларды жасашып, журналистиканын ар кайсы багыттарындагы кесипкөйлүктү жогорулатуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында “Кыргыз журналистикасынын тарыхый көрүнүшү” аттуу фото көргөзмө уюштурулуп, кыргыздын алгачкы улуттук гезити “Эркин Тоого” арналган даректүү тасма көрсөтүлдү. Андан тышкары, Кыргыз басма сөзүнүн тарыхы: “Эркин-Тоо” гезити (1924–1927-жылдар)» жана “ЭРКИН ТОО” (“Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан”, “Кыргыз Туусу”) гезитинин тарыхы” деген китептердин бет ачары болду.