Түркмөнстанда болгон иш сапардын алкагында, 20-май күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түркмөнстандын маданият министри Атагелди Шамурадов, ошондой эле “Туркменатлары” мамлекеттик бирикмесинин жетекчиси Ахмет Бердыев менен жолукту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар маданият жана гуманитардык алмашуу жаатындагы кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Мирбек Мамбеталиев түркмөн тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн достук жана маданий байланыштардын маанилүүлүгүн баса белгиледи. ТҮРКСОЙ, КМШнын эл аралык гуманитардык кызматташтык фонду (МФГС) жана башка уюмдар сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында чыгармачыл жамааттардын жигердүү гастролдук алмашуулары өзгөчө белгиленди.
Тараптар маданий диалогду мындан ары кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулашты. Анын негизинде кыргыз делегациясы Түркмөнстандын өкүлдөрүн 2025-жылдын 15-июнунан 18-июнуна чейин Ош шаарында өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин эл аралык “ART EXPO” көргөзмөсүнө катышууга чакырды.
Көргөзмөнүн максаты - маданият жана искусство тармагындагы жетишкендиктерди көрсөтүү, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы гуманитардык өнөктөштүктү бекемдөө болуп саналат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-түркмөн элдеринин ортосундагы достук мамилелерди жана маданий байланыштарды тереңдетүүгө ынтызарлыгын билдиришти.