Бүгүн, 12-майда Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыковага расмий сертификатты (тастыктама) тапшырды.
Бул сертификат аталган айылдагы шаар урандысында жайгашкан Бүткүл дүйнөлүк мурас объектисинин музейлештирүү аймагын кеңейтүүнүн биринчи этабын ишке ашыруу үчүн берилди.
Аталган сертификат (тастыктама) маданий мурасты коргоо тармагындагы иштердин маанилүүлүгүн жана эл аралык кызматташтыкты белгилейт.
Иш-чара учурунда тараптар ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги “Жибек жолу: Чанъань–Тянь-Шань багыты боюнча жолдор тармагы” аттуу трансулуттук сериялык номинациясына кирген археологиялык эстеликтерди сактоодо биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти.
X–XII кылымдардагы Караханийлер дооруна таандык бул тарыхый эстеликтер Борбор Азиянын орто кылымдагы архитектурасынын уникалдуу үлгүсү жана Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан негизги пункттардын бири болгон Красная Речканын тарыхый-маданий көрүнүшүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жаңы коргоочу каптама куруу эстеликти аба ырайынын таасиринен сактап, илимий изилдөө жана туристтик сапарлар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.