Маданият министрлиги менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосунда биргелешкен кызматташуу планына кол коюлду

Февраль 14, 2024 - 18:52
 47
Маданият министрлиги менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосунда  биргелешкен кызматташуу планына кол коюлду
Бүгүн, 14-февралда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосунда 2024-жылга карата биргелешкен кызматташуу планына кол коюлду.
Документке Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов кол коюшту.
Максаты-улуттук жана региондук деңгээлде тынчтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча жаштардын маалымдуулугун, потенциалын жана диалогун жогорулатуу жолу менен тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого көмөк көрсөтүү.
Кызматташуу боюнча иш-чаралардын планы көйгөйлөрдү тынчтык жана конструктивдүү жол менен талдоо жана чечүү боюнча жаштардын потенциалын жогорулатуу, жаштар иштери боюнча адистердин жана жаштар менен иштөө боюнча мекемелердин кесиптик потенциалын жакшыртуу, ошондой эле кесиптик билим берүүнү чыңдоо, региондук окуу курстарынын алкагында жаштар менен жаш мамлекеттик кызматкерлердин ортосунда диалог жана алдыңкы тажрыйба алмашуу жөнүндө пункттарды камтыйт.