Бишкекте “Мыкты кыргыз боз үйү” жана “Улуу мурас” каада-салттар сынактары өтөт

Апрель 25, 2025 - 18:06
Апрель 25, 2025 - 18:23
 24
Бишкекте “Мыкты кыргыз боз үйү” жана “Улуу мурас” каада-салттар сынактары өтөт

Урматтуу кол өнөрчүлөр, салттуу билимди алып жүрүүчүлөр, чыгармачылык бирикмелер, ошондой эле маданий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги сиздерди Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпосторунун” фестивалынын алкагында өтүүчү “Мыкты кыргыз боз үйү” жана “Улуу мурас” каада-салттар сынактарына катышууга чакырат!

Сынактарга катышуу үчүн талаптар

“Мыкты кыргыз боз үйү”:

✅ Этностук өзгөчөлүк (боз үйдү жасалгалоо жана ичиндеги экспозициялар аркылуу элдин улуттук каада-салттарын, турмуш-тиричилигин, маданиятын чагылдыруу даражасы);
✅ көркөм жасалгалоо (эстетика, композициянын гармониясы, декоративдик элементтерди, оймо-чиймелерди, түстөр палитрасын колдонуу);
✅ нукура жана тарыхый тактык (архитектуралык, ички жана тиричилик элементтеринин элдин салтына шайкеш келиши);
✅ меймандостук жана презентация (катышуучулардын саламдашуусу, маданият, каада-салттар, жасалгалоонун символикасы жөнүндө айта билүүсү);
✅ ички мейкиндиктин функционалдуулугу жана жайгашуусу (буюмдарды жайгаштыруунун логикасы, боз үйдөгү ыңгайлуулук жана жайлуулук);
✅ креативдүүлүк жана берүүнүн оригиналдуулугу (стандарттуу эмес чечимдер, салттарды заманбап көз караш менен айкалыштыруу);
✅ салттуу тамактардын, кийимдердин, музыкалык коштоолордун жана турмуш-тиричиликтин башка элементтеринин болушу.

“Улуу мурас” каада-салттар:
✅Салтты мыкты чагылдыруу – улуттук салтты эң так жана толук көрсөтүү;
✅Чыгармачылык мамиле – салттуу материалды инновациялык жана оригиналдуу аткаруу;
✅Чеберчилик жана аткаруу сапаты – салтты аткарууда чеберчиликтин жогорку деңгээли жана деталдарга көңүл буруу.

Сынактардын мөөнөттөрү:
- өтүнмөлөрдү берүү : 2025-жылдын 23-майына чейин;
- катышуучуларды баалоо: 2025-жылдын 29-майы;
- жеңүүчүлөрдү сыйлоо: 2025-жылдын 30 майы.

Жеңүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин дипломдору, грамоталары жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Катышууга толук маалымат алуу үчүн уюштуруу комитетине кайрылыңыздар:
Сейизова Атыркүл Мамбеткадыровна, байланыш телефондор: +0312 621331; WhatsApp: +996 773601464.