2025-жылдын 13-сентябрында Санкт-Петербург шаарында өткөн XI Эл аралык бириккен маданияттар форумунун алкагында Россия Федерациясынын маданият министри Ольга Любимованын төрагалыгы алдында ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий маданият өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жыйында «ШКУдагы маданий кызматташтык: 25 жылдык биримдик жана чыгармачылык» темасы талкууланды.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев белгилегендей, Кыргызстан үчүн ШКУга төрагалык кылуу жана Чолпон-Ата шаарына 2025–2026-жылдарга карата ШКУнун туристтик жана маданий борбору макамын ыйгаруу чоң сыймык болуп саналат. Ал маданият улуттарды бириктирген көпүрө экенин баса белгилеп, Кыргызстан маданий диалогду, гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы ишенимди чыңдоого салым кошууга даяр экенин билдирди.