Министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков “Чжунтань Чуанке” (Кытай) инвестициялык тобунун өкүлдөрү менен жолугушту

Апрель 15, 2025 - 15:42
Апрель 15, 2025 - 16:18
 15

Бүгүн, 15-апрелде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Кытай Эл Республикасынын “Чжунтань Чуанке” инвестициялык тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Ли Сайюн мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият, маалымат жана жаштар саясаты тармактарында эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Айрыкча көңүл маданият жана искусство багытындагы кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, музей жана китепкана тармактарында санариптик чечимдерди киргизүү, маданий инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү жана жаштар демилгелерин колдоо маселелерине бурулду.

Кино өндүрүш тармагындагы кызматташтыкка дагы өзгөчө көңүл бөлүндү. Бул багытта биргелешкен көркөм жана даректүү тасмаларды тартуу, ошондой эле эки өлкөнүн кинематографисттери үчүн тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Кытай тарап министрлик менен ишке ашырыла турган биргелешкен долбоорлорго инвестиция салууга даяр экендигин билдирип, кыргыз-кытай гуманитардык кызматташтыгынын алкагындагы өнөктөштүктүн потенциалы жогору экенин белгиледи. Мындан тышкары, биргелешкен билим берүү программаларын түзүү, адистер менен тажрыйба алмашуу жана маданий мурас менен креативдик индустрия жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери да талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана кызматташуунун конкреттүү багыттарын биргелешип иштеп чыгууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.