Музыка дүйнөсүнө сапар: Республикалык музыкалык мектеп-интернаты региондордо мастер-класстар жана концерттерди өткөрүүдө

Ноябрь 19, 2024 - 15:40
 8

Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын мугалимдери жана окуучулары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өлкө аймактарында мастер-класстар жана концерттерди өткөрүүдө. Бул иш-чаралар музыкалык искусствого кызыккан жеткинчектердин чыгармачыл өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, ошондой эле мектептин профориентациялык иш-чараларынын алкагында өткөрүлүүдө.
Мастер-класстарда аймактардагы окуучулардын музыкалык чеберчилигин жогорулатууга, ар кандай аспаптарда ойноо жана чыгармачылык техникасын өркүндөтүүгө аталган мектептин мугалимдери өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
Концерттерде мектептин таланттуу окуучулары жана алардын окутуучулары классикалык жана заманбап музыкалык чыгармаларды аткарып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Бул иш-чаралар музыкалык маданиятты жайылтуу менен бирге, мектеп-интернатка жаш таланттарды тартууну көздөйт.