Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолун жүзөгө ашыруу алкагында Монголияга илимий экспедиция уюштурулуп, анын алгачкы үч күнү ийгиликтүү аяктады.
Экспедиция Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айбек Артыкбаев менен жолугушуудан башталып, ал өлкө жөнүндө жалпы маалымат берди.
15–17-август күндөрү экспедициянын катышуучулары Монголиянын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту: Улуттук илимдер академиясынын Президенти, Тарых жана этнология институтунун, Археология институтунун, Тил жана адабият институтунун жана Дүйнөлүк көчмөндөр цивилизациясын изилдөө институтунун жетекчилери жана окумуштуулары менен пикир алышышты. Жолугушууларда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, кыргыз илиминде буга чейин белгилүү болбогон жаңы маалыматтар алынды.
Өзгөчө көңүл Монголиянын Улуттук борбордук архивиндеги иштерге бурулуп, анда кыргыз тарыхына байланыштуу булактар табылып, айрымдарынын көчүрмөсү алынды. Мындан ары да бул материалдарды биргеликте изилдөө тууралуу макулдашылды.
Ошондой эле, изилдөөчүлөр «Чыңгыз хан» улуттук музейинин директору, академик Сампилдондов Чулуун менен жолугушууга Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси менен бирге барышты. Директордун кыргыз этноними менен байланыштуу жерлерде археологиялык казууларды жүргүзүү зарыл экендиги тууралуу сунуштары экспедициянын иш мерчемине айрым жаңылыктарды киргизүүгө себепкер болду.
Экспедициянын мүчөлөрү Монголиянын монументалдык маданиятын жана өткөн доорлордун каармандарынын элестерин түбөлүккө калтыруу, келечек муундарды патриотизмге тарбиялоо жактарын таанып-билүү максатында, Цонжин-Болдог өрөөнүндө тургузулган “Чыңгыз Хан” мемориалдык комплексине барышты.
Улан-Батордо жүргүзүлгөн илимий-практикалык үч күндүк иштердин жыйынтыгы чыгарылып, Баян-Өлгий аймагына жол тартууга даярдыктар көрүлүүдө.