Экспедициялык топ Увс аймагынын губернатору Сэмжидийн Батжаргал менен жолугушту.
Губернатор өз сөзүндө Кыргызстандан илимий экспедициялык тобунун келгенине кубанычта экендигин билдирди. Ийгилик каалап, илимий-изилдөө жана маданий байланыштарды кеңейтүү маселеси талкууланды.
Экспедициялык топтун жетекчиси профессор Сулайман Кайыпов изилдөөнүн негизги максаттарын жана кыргыз-монгол илимий изилдөө багытындагы байланыштарын түзүү зарылдыгын баса белгилеп, губернатор Кыргызстандан алгачкы илимий экспедиция келгендиктен, ал аймак үчүн маанилүү экендигин айтты. Андан соң илимий иликтөөлөр Увс аймактык музейинде уланды.
Кийинки иш-чара аймактагы ар түрдүү этностук топтордун өкүлдөрүнөн турган аксакалдар жана апалар менен жолугушуу түрүндө өттү. Бул жолугушууда аймактагы этникалык топтор (дөрвөд, баяд, халк), жер-суу аттары (Бөхмөрөн – Бокмурун, Хиргис-Нуур – Кыргыз-Көл, Хархираа, Бархираа – Каркыра ж.б.) жана бүтүндөй Увс аймагында “Кыргызсуур” эстеликтери, балбал таштар да бар экендигин белгилешти.
Акырында монгол окумуштуусу, Ph.D. доктор, этнограф И. Ганболд кызыктуу тарыхый маалыматтарды айтып берди. Экспедициянын мүчөлөрү жергилүүктүү аймактык архивинде болду. Архивдин директору Нямаа Тэсхүүнүн жардамы аркылуу этникалык топтор боюнча, архивдик фонддордун 15 делосу менен таанышышты (Хяргас сумын жана Тариалан сумын).
Андан тышкары, Увс аймагынын Статистикалык борборунан этнодемографиялык жана социалдык абалы тууралуу жалпы маалыматтар алынып иш күнүбүз жигердүү жыйынтыкталды.