Улуттук тарых музейинде Махмуд Кашгаринин “ Дивану лугати т-түрк” чыгармасынын 950 жылдыгына арналган кѳргѳзмѳ ачылды

Ноябрь 5, 2024 - 09:22
Ноябрь 11, 2024 - 09:23
 14

5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Түрк дүйнѳсүнүн орток мурасы, чыгаан окумуштуу, энциклопедист, Кыргызстандын аймагында жарык дүйнѳгѳ келген Махмуд Кашгари жана анын түрк дүйнѳсүнүн мурасы саналган эмгегинин маанилүүлүгүн даңазалаган кѳргѳзмѳ ачылды. Кѳргѳзмѳдѳ, сѳздүктүн ички мазмунун байлыгына жана түрк элдеринин байыркы ѳнүккѳн маданияты менен цивилизациясына басым жасалды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова жана коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрү катышты.
Министрдин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу сөз сүйлөп, Махмуд Кашгаринин эмгегин түрк элдеринин тили жана маданий ар түрдүүлүгү тууралуу эң чоң билим булагы катары белгиледи. “Дивану лугати т-түрк (Түрк тилдеринин сѳздүгү) чыгармасы жөн гана лексикографиялык эмгек эмес, ал ата-бабаларыбыздын руханий мурасынын байлыгын жана өзгөчөлүгүн чагылдырган күбөлүк болуп саналат. Анын маданиятыбыз үчүн мааниси чексиз”, — деп баса белгиледи Чыңгыз Эсенгул уулу.
Ал көргөзмөнү уюштургандарга ыраазычылык билдирип, анын маданий түп тамырларды изилдөөнүн жана сактоонун маанилүүлүгүн эске салганын белгиледи.
Ошондой эле, иш-чарада Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова сөз сүйлөп, маданий баалуулуктарды сактоодо жана жайылтууда кызматташтык менен тажрыйба алмашуунун маанисине токтолду. “Махмуд Кашгаринин эмгеги түрк маданиятынын эң жогорку чыгармаларынын бири болуп саналат. Биздин фонд мындай көрүнүктүү эмгектерге көңүл бурууну көздөгөн иш-чараларды колдойт жана демилгелейт. Бул иш-чаралар түрк элдеринин биримдигин чыңдоого жана тарыхый мурасты урматтоого өбөлгө түзөт”, — деп билдирди Актоты Райымкулова.
“Дивану лугати-т түрк” көргөзмөсү 15-декабрга чейин кеңири коомчулукка ачык болот, көрүүчүлөр орто кылымдагы түрк маданиятынын дүйнөсү жана анын дүйнөлүк тарых менен илимге кошкон салымы тууралуу өзгөчө экспонаттар (китептер, кийимдер) менен тааныша алышат.